5. Өзгөчө жазма буйруктардын
5.36 "Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын экологиялык классын чектөө зонасы" белгиси
Расмий текст: |
Төмөнкү көрсөтүлгөн жүк ташуучу транспорт каражаттарынын, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын кыймылына тыюу салынган аймак (жол участогу) башталган жер: - бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы белгиде көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болсо; - бул транспорт каражаттарынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөсө. 5.35 жана 5.36 белгилеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ички иштер органдарынын, авариялык-куткаруу органдарынын, өрткө каршы кызматынын, тез жардам кызматынын механикалык транспорт каражаттарына жайылтылбайт. |
Кошумча маалымат:
icon
1317