Токтоо жана токтоп туруу: айырмасы эмнеде?

Токтоо жана токтоп туруу: айырмасы эмнеде?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Диёр Маруфи    icon 6464


Статья на русском языке


Суроолор: Бир-Эки мүнөткө 3.27 белгиде токтоого уруксатпы? Канча убакытка 3.28 белгиде автоунааны калтырууга уруксат берилет?



«Токтоо» жана «Токтоп туруу» терминдерин айырмасы эмнеде?


      КР ЖКЭ пункт 1.2.
Токтоо

транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка токтотуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.


      КР ЖКЭ пункт 1.2.
Токтоп туруу

жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.


Жөнөкөйрөөк айтканда. Айырмасы: канча убакытка жана эмне себептен токтогонуңда убактысы жана себеби боюнча.


3.28 жана 3.27 белгилерин айырмасы эмнеде? 

3.28 белгиси "Токтоп турууга тыюу салынат"

Мисалы: дүкөндүн алдына нан алганы токтодуңуз, ал жерде 3.28 «Токтоп турууга тыюу салынат» белгиси коюлган. Эгерде сиз 5 мүнөттүн ичинде нанды алып кетсеңиз бул эрежени бузган болбойсуз. Эгерде сиз жүк жүктөсөңүз же түшүрсөңүз, адамды отургузсаңыз же түшүрсөңүз, анда бул белгиде 5 мүнөттөн ашык турсаңыз болот.


3.27 белгиси "Токтоого тыюу салынат"


3.27 белгиси токтоп туруудан тышкары, токтоого да тыюу салат. Бул белгинин зонасында “бир-эки” мүнөткө да унааны коюуга тыюу салынат. Эмне себептен жана канча убакытка токтогонуңуз айырмасы жок. Бул белгиде токтоо болбойт .  

Бирок 3.27 белгиде маршруттук унаа каражаттарына гана токтоого уруксат берилет. Бул белгиде аргасыздан токтогонуңузда гана уруксат берилет. Анда авариялык токтоо белгисин оронотуш керек (Жол эрежесин 7.2 пунктун караңыз).

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign