Чакырууга шашылыш бара жаткан тез жардам унаасынын артынан ээрчип алган автоунааны көрдүңүз беле?
Жол жыш болуп турган учурда, ал жерден амалкөйлүк кылып, бара жаткан тез жардам унаасынын артынан илээшип өтүп кетүүнү туура көргөн айдоочулар да кездешип турат. Бул мыйзамдуубу?
ЖКЭни бузуу аркылуу кыймылдоо
Алгач, атайын кызмат транспортунун айдоочусу, үн чыгаруучу жана жарыкылдоочу сигналдарды жандырган маалда, анын кандай укуктары пайда болушун эстеп алалы. Ал үчүн Жол кыймыл эрежесинин 3-бөлүмүнө кайрылабыз.
3.1. пункту. КР ЖКЭ 2022
Оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштетүү менен Эрежелердин 6 (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-бөлүмдөрүнүн талаптарынан, Эрежелердин 1- жана 2-тиркемелеринин жоболорунан четтей алат, мында кыймылдын коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.
Тез жардамдын айдоочусу, жаркылдоочу маяктын жардамы менен, жол кыймылынын калган катышуучуларына тыюу болгон траектория менен айдаса болот.
Тыгын болгондо, тез жардамдын артынан айдаса болобу?
Эгерде жаркылдак менен кошо сирена да жандырылган болсо, анда атайын кызмат транспортунун мүмкүнчүлүктөрү дагы да көбөйөт. Мындай учурда, ЖКЭнин 3.2. пунктуна ылайык, башка айдоочулар жол бошотуп берүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, ЖКЭнин кээ бир талаптарын бузууга акылуу болуудан тышкары, башка транспорт каражаттарынын алдында кыймыл артыкчылыгына да ээ болуп калат.
Эми элестетип көрүңүз: жолдо сирена угула баштады жана сиз жаркылдагын жандырган тез жардам машинесин көрдүңүз. Айдоочулар мүмкүн болушунча жол ачышат. Атайын кызмат транспорту, ошол участокто жолдун туташ сызыгын, белгилерин жана башка буйруктарын четке кагуу менен жолдун ортосуна чыгып айдайт. Ал эми аны ээрчип бара жаткан машине, ага мыйзам тарабынан уруксаты жок болсо да ошол эржелерди бузуп айдайт. Бул учурда ЖККК тарабынан ага жаза дайындалышы керекби? Ооба, сөзсүз. Ошондо да бир эле эмес, бир нече айып дайындалышы керек.
Эгерде эрежелер сакталса
Кыргызстандын мыйзамдарында, тез жардамдын артынан ээрчип алуу боюнча тиешелүү тыюу каралган эмес. Ошондуктан, кээ бир учурларда жол тыгынында атайын транспорттун артынан ээрчип айдоо – мыйзам бузуу болуп саналбай калат.
Мисалы, тез жардам машинеси максималдуу уруксат берилген ылдамдыктан ашпай жана КР ЖКЭнин башка пункттарын бузбай кетип жатат. Ушундай учурда, айдоочу анын артына жайлашып алганга үлгүрсө, ал кандайдыр бир жорук жасаган болуп саналбайт. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Тез жардам транспорту менен анын артынан кетип жаткан унаанын ортсунда, коопсуз аралык сакталуусу керек. Эки четки интервалдарды да унутпоо керек. Себеби, кокус жол кырсыгы болуп калса, ЖККК инспекторлору дайыма ушул эки факторду эсепке алышат.
Дагы эмне жөнүндө ойлонуш керек?
Тыгын жерде, атайын кызмат транспортунун артынан ээрчип жүрүү – дурус эмес. Эгерде сиздин маневруңүзду ЖККК инспеторлору көрүп калса, алар абалды тактоо максатында сизди сөзсүз токтотушат. Сиз мыйзамды бузбагандыңыз жөнүндө узак жана кара көктүк менен талашканга туура келет. Андан көрө, сиз үйдөн чыгып бара жатканда кошумча убакыт менен чыгыңыз, же ЖКЭге каршы келбеген башка жолдорду издеңиз.
Кээ бир айдоочулар, ошондой тез жардам унаасын ээрчип бара жаткан машинени байкап калып, «адилеттүүлүктү орнотуу» максатында, анын жолун тороого же аны кысып коуюга аракет кылышат. Мындай кылбаш керек. Ага бир нече себеп бар.
Биринчиден, андай аракеттериңиз мене сиз анык авариялык учурду түзгөн болосуз.
Экинчиден, ал машинеде көр оозундагы адамдын туугандары же шашылыш операция жасоо үчүн чакырылган дабагер болушу мүмкүн.
Бул жерде себептердин түрү көп болушу мүмкүн. Ошол үчүн, ал транспорт каражаттарына кедергисиз өтүп кетүүсүнө жол берип коюу ылайыктуу болот.
Обсуждение
Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...
Войти